
КЫТАЙДА ЖУМУШКА ОРНОШУУ
Сиз Кытайда иштейм деп кыялданап жүрөсүзбү? Биз бул кыялды ишке ашырууга жардам беребиз! Биздин компания Кыйтайда жумушка орношууга жардам берет жана жумушка орношуунун бардык баскычтарында жумушка орношуу, юридикалык маселелерде коштоо жана колдоо боюнча ар тараптуу кызматтарды сунуштайт. Биз туура жумуш табуунун жана жаңы чөйрөгө ийгиликтүү көнүп кетүүнүн канчалык маанилүү экендигин жакшы билебиз жана сизге кандай жардам керек болсо, ошонун баарын бергенге ынтызарбыз.
-
Жумуштарды кылдат тандоо
Биз ар кандай тармактарда, анын ичинде маалымат технологиялары, билим берүү, өндүрүш, маркетинг жана башка көптөгөн тармактарда ишеничтүү жумуш берүүчүлөр тартуулаган текшерилген жумуш орундарын гана сунуштайбыз. Биздин өнөктөштөр - ар кайсы өлкөлөрдөн келген чеберчилиги мыкты адистерди баалаган Кытайдын алдыңкы компаниялары. -
Толук юридикалык колдоо
Чет өлкөдө жумушка орношуу кадамдары татаал болушу мүмкүн. Бирок биз сизге жумуш визаларын жана уруксат кагаздарын алууга байланышкан бардык юридикалык майда-чүйдө өзгөчүлүктөрдү түшүнүүгө жардам беребиз. Биздин адистер документтерди даярдоодон баштап, аларды тапшырууга чейинки бардык кадамдарда сизди коштоп жүрүшөт. -
Маданиятка көнүп кетүү жана тилди үйрөнүүгө жардам берүү
Жаңы өлкөгө көчүү ар дайым кыйынчылыктар менен коштолот. Бул, айрыкча, өзгөчө маданияты жана тили менен айырмаланып турган Кытайга тиешелүү Жаңы чөйрө менен тезирээк жана жакшы камыр-жумур болуп кетишиңиз үчүн, кытай тилин үйрөтүү курстарын жана маданиятка көнүү боюнча окуутуларды сунуштайбыз. -
Барган жериңизде колдоо
Биз кардарларыбызга жумушка орношконго чейин гана эмес, андан кийин да кам көрө беребиз. Кытайдагы биздин өкүлдөрүбүз жаңы жашооңузга жана ишиңизге байланыштуу тиричилик жана кесиптик маселелерди чечүүгө жардам берүүгө дайым даяр.
Биздин жардамыбыз менен Кытайда жумушка орношуу кол жеткис максатка айланат. Ал эле эмес бул жагымдуу нерсеге да айланат. Сиз кыялыңыздагы жумушту таап, дүйнөдөгү алдыга укмуштуудай илгерилеп бараткан өлкөлөрдүн биринде катылып жаткан шык-жөндөмдөрүңүздү толук өрчүтө аласыз деп ишенебиз.