
Шенген визасы
Европага саякаттоону ойлонуштуруп жатасызбы жана Шенген визасына муктажсызбы? Биздин компания Шенген визасын тариздөө боюнча ар тараптуу кызматтарды сунуштайт. Мунун аркасында сиз өлкөгө кирүүгө уруксатты алып жатканда эч нерсеге кам санабай, өзүңүздү ишенимдүү сезе аласыз. Бардык уюштуруу маселелерин өз милдетибизге алып, убактыңызды жана күчүңүздү үнөмдөйбүз.
-
Мыкты кеп-кеңештер:
Биздин адистер сизге документтерге коюлган талаптар жана визаны алуу тартиби жөнүндө кеңири маалымат беришет. -
Документтерди даярдоо жана текшерүү:
Бардык берилген документтерди өкүлчүлүктөрдүн талаптарына жооп бериши үчүн кылдат текшеребиз. Бул сизге виза бербей коюу ыктымалдыгын кыйла азайтат. -
Консулдукка барууга жазылуу:
Зарыл болсо, биз бардык зарыл болгон маалыматтарды жана сунуштарды берип, өкүлчүлүктө дил маек берүүгө даярдайбыз -
Бизди эмне үчүн тандашат
Тажрыйба жана ишенимдүүлүк: биз көп жылдар бою виза кызматтары менен камсыз кылуу жаатында эмгектенип келатабыз, андыктан шенген визаларын жасоо жагынан чоң тажрыйбага ээбиз.
Жекече мамиле кылуу: Биз сиздин бардык каалоолоруңузду жана жеке сизге гана мүнөздүү өзгөчөлүктөрүңүздү эске алып, мүмкүн болушунча сиздин муктаждыктарыңызга ылайык келе турган чечимдерди сунуштайбыз
Натыйжанын кепилдиги: Биз сунуш кылган кызматтарыбыздын сапаттуу экенине ишенебиз жана визаны кыска убакыттын ичинде алышыңыз үчүн, болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.
Биз менен байланышыңыз, биз сизге Европага саякатыңызды оңой жана жагымдуу кылууга жардам беребиз!

Саякат визасы
Саякат визасы анын ээсине чет мамлекеттин аймагына мыйзамдуу түрдө кирүүгө жана белгилүү бир убакыт аралыгында ошол жерде болууга мүмкүнчүлүк берет.

Жер которуу/Мекенине кайтып баруу
Туруктуу жашоо үчүн башка өлкөгө (мамлекетке) көчүп баруу же тарыхый мекенине кайтып келүү.

Медициналык виза
Бул чет мамлекетте медициналык дарылоодон өтүү үчүн берилген кыска мөөнөттүү виза.

Ишкердик виза
Ишкердик виза маектешүүлөрдү жүргүзүүгө же келишимдерди түзүүгө, же болбосо жаңы өнөктөштөрдү издөө максатында башка өлкөгө барууга шарт түзөт

Студенттик виза
Студенттик виза чет мамлекетте орто, жогорку же кесиптик билим алуу максатында берилет.