Таиланд визасы

Таиландга саякаттоону ойлонуштуруп, эч кыйынчылыктарсыз виза алгыңыз келеби? Биздин компания Таиланд визасын алууга багытталган ар тараптуу кызматтарды сунуштайт. Мунун аркасында сиз процесстин ар бир баскычында эч нерсеге кабатыр болбой, өзүңүздү ишенимдүү сезе аласыз. Саякатка эч нерсеге алагды болбой даярдана алышыңыз үчүн жана эс алууга барам деп кубана алышыңыз үчүн биз бардык уюштуруу маселелерин өзүбүз бүтүрөбүз.

Таиланд - маданияты бай, көл жээктери ажайып кооз жана туристтик жайлары арбын болгон укмуштуудай өлкө. Өлкөгө ыңгайлуу жана эч кандай тоскоолдуктарсыз бара алышыңыз үчүн виза алуу кадамдарына алдын-ала кам көрүү керек. Биздин адистер Таиландга виза берүү боюнча ар тараптуу кызматтарды сунуштап, сизге бул жагынан жардам берүүгө даяр.

  • Жеке ар бир адамга керектүү кеп-кеңештер:
    Биздин адистер сизге документтерге коюлган талаптар жана визаны алуу тартиби жөнүндө кеңири маалымат беришет. Биз бардык майда-барат маалыматтарды түшүндүрүп беребиз, визанын ылайыктуу түрүн тандоого жардам беребиз (туристтик, бизнес же узак мөөнөттүү) жана бардык суроолорго жооп беребиз.
  • Документтерди даярдоо жана текшерүү:
    Бардык берилген документтерди Таиланддын өкүлчүлүгүнүн талаптарына жооп бериши үчүн кылдат текшеребиз. Бул сизге виза бербей коюу ыктымалдыгын кыйла азайтат. Биз сизге документтердин толук топтомун чогултууга жардам беребиз. Ал документтерге чет элдик паспорт, сүрөттөр, өзүңүзү каржылоого жөндөмдүү экенин тастыктаган документтер жана мейманкананы алдын ала ээлеп коюу сыяктуу документтер кирет.
  • Анкетаны толтуруу жана документтерди тапшыруу:
    Биз бардык зарыл болгон анкеталарды жана формаларды туура толтурабыз жана сизге ыңгайлуу учурда Таиланддын өкүлчүлүгүнө же виза борборуна документтерди тапшыруу иштерин уюштурабыз.
  • Бардык баскычтарында коштоо:
    Биз сизди процесстин ар бир баскычында – анкета толтуруудан документтерди тапшырууга жана виза алууга чейин - коштоп жүрөбүз. Биздин адистер сиз менен ар дайым байланышта болушат жана ар кандай кырдаалдарда сизге колдоо жана кеп-кеңештерди берип, көмөк көрсөтүүгө даяр.
  • Кошумча кызматтар:
    Андан тышкары, биз документтерди которуу, медициналык камсыздандыруу жана авиабилеттерди брондоо сыяктуу кызматтарды да сунуштайбыз. Мунун аркасында сиздин сапарга даярдануу баскычтарыңыз дагы да ыңгайлуу жана тезирээк болот.

Биз менен байланышыңыз, сизге Таиландга саякатыңызды оңой жана жагымдуу кылууга жардам беребиз! Биздин жардамыбыз менен ашыкча түйшүк тартпай, убара болбой, саякаттан ырахат ала аласыз.

Саякат визасы

Саякат визасы анын ээсине чет мамлекеттин аймагына мыйзамдуу түрдө кирүүгө жана белгилүү бир убакыт аралыгында ошол жерде болууга мүмкүнчүлүк берет.

Жер которуу/Мекенине кайтып баруу

Туруктуу жашоо үчүн башка өлкөгө (мамлекетке) көчүп баруу же тарыхый мекенине кайтып келүү.

Медициналык виза

Бул чет мамлекетте медициналык дарылоодон өтүү үчүн берилген кыска мөөнөттүү виза.

Ишкердик виза

Ишкердик виза маектешүүлөрдү жүргүзүүгө же келишимдерди түзүүгө, же болбосо жаңы өнөктөштөрдү издөө максатында башка өлкөгө барууга шарт түзөт

Студенттик виза

Студенттик виза чет мамлекетте орто, жогорку же кесиптик билим алуу максатында берилет.