ДУБАЙДА ЖУМУШКА ОРНОШУУ

БАЭде иштөөнү ойлонуп жатасызбы? Биздин компания бул укмуштуудай жергеде жумушка орношууга жардам берет. Ал сизге эң эле ылайык келген жумуш табууга жана БАЭдеги жашоого ийгиликтүү көнүп кеткенге жардам бере турган ар тараптуу кызматтарды сунуштайт.

  • БАЭде жумуштарды тандоо
    Биз сизге мунай жана газ өнөр жайы, курулуш, каржы, маалымат технологиялары, туризм жана меймандостук тармагы сыяктуу экономиканын ар кандай тармактарындагы эң актуалдуу жумуш орундарды сунуштайбыз. Биздин өнөктөштөр - иштин көзүн билген адистерди баалаган БАЭнин алдыңкы компаниялары.
  • Ар тараптуу колдоо
    Биз жумушка орношуунун бардык баскычтарында - жумуш орундарын издөөдөн жана документтерди даярдоодон баштап, жумуш визасын алуу жана көчүп кетүүгө чейин - ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз. Биздин адистер сизге бардык бюрократиялык иш-чаралардан өтүүгө жана жумушка орношуу кадамдарын мүмкүн болушунча жөнөкөй кылууга жардам берет.
  • Юридикалык жардам
    Биз толук юридикалык жардамды көрсөтөбүз. Ал жардамга БАЭнин эмгек мыйзамдары боюнча кеп-кеңештерди берүү, бардык керектүү документтерди толтурууга көмөк кылуу жана жумуш визаларын алуу кирет. Биздин юристтер сизге пайда болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктардан качууга жана бардык укуктук маселелерди түшүнүүгө жардам берет.
  • Маданий жана тилдик айырмачылыктарга көнүп кетүү
    Жаңы өлкөгө көчүү деген ар дайым жаңы маданиятка жана тил чөйрөсүнө көнүү дегенди билдирет. Жаңы коомго оңой жана тез көнүп кете алышыңыз үчүн, биз араб жана англис тилдерин, ошондой эле маданий жактан көнүп кетүү боюнча окутууларды сунуштайбыз.
  • Барган жериңизде колдоо
    Биз кардарларыбызга жумушка орношконго чейин гана эмес, андан кийин да кам көрө беребиз. БАЭдеги биздин кеңселерибиз жана өкүлдөрүбүз сизге жаңы жумушуңузга жана бул өлкөдөгү жашооңузга байланыштуу бардык маселелерди чечүүгө жардам берүүгө даяр.

Биздин жардамыбыз менен БАЭде жумушка орношуу жөнөкөй жана натыйжалуу болот. Бул укмтуштуудай кадамдар менен алдыга арыштап бараткан өлкө сунуш кылган бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачыңыз. БАЭде жаңы жашоону биздин колдообуз менен баштаңыз.